http://www.ktrk.kg/Ананьево айылындагы көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар кармалды

Ананьево айылындагы көрүстөндөгү эстеликтерди талкалагандар кармалды

11 Фев , 15:23 352

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл районундагы Ананьево айылында православ көрүстөнүндөгү эстеликтерди талкалап кеткен орус улутундагы жаран кармалды. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Замирбек Турсунбеков маалымдады. Анын айтымында, көрүстөндөгү эстеликтерди талкалоо айыл тургундарынын жеке пикир келишпестигинен улам келип чыккан. Учурда милицияда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Эске салсак, 11-январдын кечинде белгисиз адамдар Ананьево айылындагы православ көрүстөнүнө келип, маркумдарга коюлган 91 эстеликти талкалап кеткен. Көрүстөндүн жалпы аянты 1,5 гектар. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев окуяны өзгөчө адепсиз көрүнүш катары баалап, күнөөкөрлөрдү тез арада табууну Ички иштер министрлигине тапшырган.


Новости по дате