http://www.ktrk.kg/Кыргызстан - Казакстан ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү бир миллиард долларга көтөрүлөт

Кыргызстан - Казакстан ортосунда товар жүгүртүүнүн көлөмү бир миллиард долларга көтөрүлөт

20 Май , 8:52 245

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бул маалым Бишкекте өткөн кыргыз-казак ишкерлеринин бизнес-форумунда айтылды. Бишкекте өткөн форумга коңшу Казакстандын машина куруу, кен казуу, энергетика, темир иштетүү жаатында, фармацевтика, медициналык кийим менен жабдууларды өндүргөн жана азык-түлүк продукциясын чыгарган 20 ири компаниясы келип отурат. Кыргызстандык ишкерлер менен келишим түзүүнү арзуу кылып келгендердин арасында казакстандык рельс чыгарган заводдун өкүлдөрү да бар. Ишкана өндүргөн рельстин сапаты жогору деп ишендирет маркетологу Дмитрий Лоскутов. 

Эт азыктарын чыгарган ишкананын директору Татьяна Харькованын Кыргызстанга болгон алгачкы сапары эмес. Азык өндүрүүдө колдонулган идиштерди Кыргызстандан алгандыктан утуру каттап турат. Эми өндүргөн азыгын сатуу ниети менен келген. Форумдун жүрүшүндө В2В жолугушуулар өтүп, эки өлкөнүн ишкерлери үчүн кирешелүү аянтча түзүлдү. Белгилеп кетүүчү жагдай, форум Кыргызстан менен Казакстандын соода-өнөр жай палаталары ортосунда түзүлгөн меморандумдун негизинде өтүп келет. 2015-жылдан бери кыргыз-казак ишкерлери 5 жолу бизнес форумда жолугуп, бул аралыкта жалпы суммасы 15 миллион долларды түзгөн келишимге кол коюлган.









Новости по дате