http://www.ktrk.kg/Токтогулдун Бел-Алды айылындагы орто мектеп жаңы компьютерлер менен камсыздалды

Токтогулдун Бел-Алды айылындагы орто мектеп жаңы компьютерлер менен камсыздалды

12 Фев , 9:48 359

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Токтогул районунун Бел-Алды айыл аймагындагы №22 Мукаш Жамгырканов айтындагы орто мектеп жаңы компьютерлер менен камсыз болду. 11 даана компьютер столу менен алынып, интернетке туташтырылган. Информатика мугалими Анара Кочкорованын айтымында, окуучулардын сабакка болгон кызыгуусу жогорулаган. Эми компьютердин жардамы менен сабак онлайын түрүндө өтүлүүдө. Жаңы келген компьютерлер чет мамлекеттик уюмдун колдоосу аркылуу сатылып алынган.

“21-кылым технологиянын заманы болуп жатат. Компьютерди билбеген окуучу болбош керек деп ойлом. Жаңы компьютерлер келгенден кийин бизде кыйла жылыш бар. Онлайын сабак өтүү балдар үчүн өтө түшүнктүү болот экен. Мугалимдер үчүн да жакшы болуп калды. Өзүнө керектүүсүн бул жерден таап алышат”,- дейт информатика мугалими Анара Кочкорова. 

“Бизге эң керектүүсү “google - интернет” болду. Биз быйыл 11-класс болгондуктан, алдыда ОРТ тестке жана башка олимпиадага катышабыз. Ошого өтө керек болуп жаткан. Азыр эми жакшы болду. Сабактан сырткары өзүбүзчө даярдансак болот”,- деди 11-класстын окуучусу Айгерим Жанапилова.  

Новости по дате