http://www.ktrk.kg/Хашоггинин өмүрүнө кол салууга Сауд Арабиянын расмий өкүлү кызыктар болгон

Хашоггинин өмүрүнө кол салууга Сауд Арабиянын расмий өкүлү кызыктар болгон

12 Фев , 9:49 216

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Журналист Жамаль Хашоггинин өмүрүнө кол салууга Сауд Арабиянын расмий өкүлү кызыктар болгон. Бул тууралуу БУУнун расмий сайты жазды. Маалыматта  Бириккен Улуттар Уюмунун сотсуз өлүм жазага  тартуу маселеси боюнча башкы баяндамачы Агнеса Калламар, Түркияга барган учурда  эл аралык иликтөөлөрдүн алдын ала жыйынтыгына таянып билдиргени айтылат. 

“Журналисттин мыкаачылык менен өлтүрүлүшү, анын жакындары үчүн чоң кайгы. Бул  дүйнөлүк  деңгээлдеги  олуттуу көйгөйдүн чоо-жайын териштирүүгө БУУ баш болгон эл аралык коомчулук тез арада кийлигишүүгө тийиш” – деди Калламар. Кененирээк аудиодон укса болот.

Асел Шамилова, "Биринчи радио"


Новости по дате