http://www.ktrk.kg/“Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады

“Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады

12 Фев , 10:11 281

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

11-февралда жолдогу кырсыктарды азайтуу жана коррупцияны тыюуга багытталган “Коопсуз шаар” долбоорунун бет ачары болду. Анда долбоордун алкагында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынын мониторинг борбору, анын ичинде аппараттык-программалык комплекс жол кыймылынын эрежелерин бузууну кантип аныктай турганы коомчулукка көргөзүлдү. 

Жол эрежесин бузган айдоочуларга тийиштүү кагаздар "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу катталган дарегине жеткирилет. Долбоор толугу менен 12-февралдан тартып расмий иштей баштады. Ошондой эле камералар жол коопсуздугундагы жети эреже бузууну аныктайт. 


1.Светофордун тийиштүү чырагына баш ийбөө;

2. Карама-каршы тилкеге чыгуу;

3. Жол четинде, тротуарда, веложолдо, жана жөө  жүргүнчүлөр өтчү тилкеде автоунаа айдоо;

4. Жол чырактын токтотуу белгисиндеги өтүү;

5. Жөө жүргүнчүлөр өтчү тилкедеги эрежелерин сактабоо;

6. Ылдамдыкты чектен ашыруу.

7. Автомагина токтотуучу жерлердин, аялдамалардагы  талаптарды бузуу.

Бул эрежелерди бузган айдоочуларга жашаган жери боюнча айып пулдун чеги жиберилет.

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Новости по дате