http://www.ktrk.kg/Милдетин так аткарбаганы үчүн токой чарба тармагынын кызматкерлери жазаланды

Милдетин так аткарбаганы үчүн токой чарба тармагынын кызматкерлери жазаланды

12 Фев , 11:00 312

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Токой чарбасы жана жаратылыш парктар боюнча түзүмдүк бөлүктөрүнүн жетекчилери ишиндеги кемчиликтери үчүн жазаланды. Бул маалыматты Токой чарбасы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктин маалымат кызматы билдирди. Анда айтылгандай, төрт адам сөгүш алган. 

Иштеги кемчиликтери жана жерди киреге берүүдөн түшкөн каражатты өз учурунда которбогондугу үчүн 59 адамга эскертүү берилген. Жетекчилерден сырткары башкы эсепчилер да жазага кириптер болгон. 

Маалыматта айтылгандай, "Хан-Теңири" жаратылыш паркынын директору, "Кызыл-Үңкүр" токой чарбасынын башкы эсепчиси, "Арка" токой чарбасынын директору, "Кочкор-Ата" токой чарбасынын башкы эсепчиси, "Жай-Терек" токой чарбасынын башкы эсепчиси кызматынан алынды. 

2019-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча "Сары-Челек" биосфералык мамлекеттик аймагынын директору Эсеналы Ормоналиевдин кызматын аркалай алаар-албастыгын кароо маселеси көтөрүлгөн.


Новости по дате