http://www.ktrk.kg/Фейсбукта экстремистик мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы үчүн жаран соттолду

Фейсбукта экстремистик мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы үчүн жаран соттолду

12 Фев , 12:01 407

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкектин Биринчи май райондук соту Фейсбукта экстремистик мүнөздөгү материалдарды тараткандыгы үчүн жаранды соттоду. Маалыматка караганда, күнөөлүү социалдык түйүндөгү «Калыс үмүт» баракчасына ар кандай экстремистик атрибуттарды жана сүрөттөрдү жарыялаган. 

Мамлекеттик дин комиссиясынын экспертизасы боюнча, жарыяланган материалдар тыюу салынган «Хизб ут-Тахрир» уюмуна тиешелүү болуп чыкты. Соттук отурумда айыпталуучу экстремист эмес экендигин айтып, тыюу салынган эч нерсе жарыялабаганын кошумчалады. Бирок, сот анын ишине далилдер бар экенин билдирип, 1 жылга шарттуу түрдө кести.


Новости по дате