http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Электр жарыгы эскертүүсүз өчүрүлүп жатат

Элдик репортер: Электр жарыгы эскертүүсүз өчүрүлүп жатат

12 Фев , 14:50 197

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарындагы  "Ала-Тоо" конушунда ар жуманын экинчи күнү кечке чейин электр жарыгын өчүрүп жатышат. Мындай болгонуна көп болду. Эскертип же себебин айтып коюшпайт. Профилактикалык жумуштары күн жылыганда башталчу эле. Быйыл кышында эле баштап койгонбу деп да ойлонуп жатабыз. Кыш мезгилинде свет өчүрүлбөйт олуттуу себеп болмоюнча деген убадалары кана? - деген нааразылыгын билдирет аталган конуштун тургуну.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате