http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Кадамжай шаардык балдар ооруканасындагы адам ыйлаарлык абал

Элдик репортер: Кадамжай шаардык балдар ооруканасындагы адам ыйлаарлык абал

12 Фев , 16:45 290

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Баткен облусуна караштуу Кадамжай шаарындагы балдар ооруканасында балдары менен дарыланып жатышкан энелер аталган ооруканадагы абалды тасмага тартып жөнөткөн. Ооруканада жарык өчүп, палаталар суук, тазалык сакталбагандыктан дарыланууга шарт түзүлгөн эмес. 

"Кадамжай шаарындагы балдар ооруканасына жума күнү келип жаттык. Биз келгенден бери 6 жолу электр өчтү. Электр күйсө да, кайра өчүп калат деп жылыткычтарды күйгүзбөй отурабыз. Тазалык да сакталган эмес. Бизге берилген жаздык да кир. Эрте менен келип жаткан, кечке ачка калдык. Эптеп бирөөлөрдөн сурап жеп жаттык, эртеси күнү эртең менен бир чөмүч ботко, бир кесим нан берди. Ким бул маселени чечет? Үч-төрт күндөн бери медайымдар, ата-энелер жүдөп кеттик. Балдарыбыз бир жагынан ооруга ыйлашса, бир жагынан караңгыдан коркуп ыйлап жатышат. Палатадан чыксаң, каридор да суук",- деп абалды сүрөттөгөн ооруканада баласы менен дарыланып жаткан айым. 

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате