http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар" долбоорунун алгачкы күнү шаардыктарга кандай таасир калтырды?

"Коопсуз шаар" долбоорунун алгачкы күнү шаардыктарга кандай таасир калтырды?

12 Фев , 23:47 978

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Таң эртелеп ордо калаанын көчөлөрүндө бир чакырымга созулган тыгындар пайда болгонуна карабай, каршы тарапка чыккан унаалар көрүнбөйт. 

Мындай жагдай ордо калаада "Коопсуз шаар" долбоорунун ишке киришине байланыштуу болуп жатканын социалдык тармактарды колдонууулар айтып чыгышты. Алар бөлүшкөн тасмага көз чаптырсак, буга чейин жол чырактын алдындагы тыюу салынган сызыкка жетпей токтогон унааларды чанда гана көрүүгө мүмкүн болсо, бул ирет жол эрежелерин бузган учурлар байкалбайт. 

Дозор-М2 деп аталган бул жабдык жолдун чекесине же уруксат берилбеген жайларга токтогон унааларды каттайт. Азырынча мындай жабдыктар жол көзөмөлдөө кызматынын 5 унаасына коюлду. “ Коопсуз шаар” долбоорунун кийинки этаптарында кошумча аткара турган чаралары менен кошо башка дагы жабдыктар менен толукталаары күтүлүүдө.

Ал эми көчөлөрдүн кесилишинде орнотулган камералар 7 эреже бузууну каттоого алаары алдын ала маалымдалган. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кайсы эреже бузууга канча айып салынарын жарыялады:

1. Жол чырактан өтүп кеткендерге экинчи категориядагы айып: жеке жактарга 3000 сом, юридикалык жактарга 13 000 сом;

2. Каршы тилкеге чыгуу. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом;

3. Тротуар, веложол, газон менен жүргөндөр. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

4. "Токто" тилкеден өтүп токтоо. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

5. Жөө адамдар өтө турган жол чийинден эреже бузуу. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

6. Көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 20 чакырымга ашыра айдоо. Биринчи категориядагы айып: жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

Көрсөтүлгөн ылдамдыктан саатына 40 чакырымга ашыра айдоо. Төртүнчү категориядагы айып: жеке жактар үчүн 7500 сом, юридикалык жактар үчүн 23 000 сом.

7. Аялдама менен унаа токтотуучу жайлар боюнча эреже бузуу. Жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5000 сом.

Ал ортодо айрым маалымат каражаттары “Коопсуз шаар” башталган алгачкы күндүн жарымында эле 12 000ден ашык жол эрежелерин бузган учурлар катталганын айтып чыгышты. Бирок Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы бул боюнча расмий билдирүү тарата элек.

Новости по дате