http://www.ktrk.kg/Унааларды кайра каттоо - учур талабы

Унааларды кайра каттоо - учур талабы

12 Фев , 23:51 361

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эми мындан ары айдоочу жол эрежесин бузса, айып пул унаа катталган кишинин дарегине келет. Бул өз кезегинде унааны ишеним кат менен саткандарга бир топ көйгөйлөрдү жаратаарын адистер буга чейин эскертип, ал эмес транспорт каражаттарын кайра каттоонун акысын төмөндөтүп, эки айлык мөөнөт берилген. 

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында унаа кимге катталса ошол адамдын гана башкаруусу өтө маанилүү. Долбоор ишке кирген 12-февралда борбор калаадагы унааларды каттоо департаментинин короосу унааларга, имараттын ичи адамдарга толду. 

Унаа каражаттарын каттоо электрондук түрдө кезек менен ишке ашат. Мындагылардын басымдуусу унааны кайра каттаткандар. Ачык терезе тутуму менен 50дөй кызматкер күнүнө орто эсеп менен 200дөн 600гө чейин каттоодо.

Өкмөттүн токтомуна ылайык унааларды кайра каттоонун акысы унаанын кыймылдаткычына жараша 300 сомдон башталат.


Новости по дате