http://www.ktrk.kg/Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу

Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу

12 Фев , 0:03 482

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жогорку Кеңештин тармактык комитети “Экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратуу” тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды. 

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети буга чейин экс-президенттерди кол тийбестиктен ажыратууга багытталган мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырган.

Эми демилгечи депутаттардын бири Исхак Масалиев сунуш-пикирлерден улам долбоор бир топ өзгөрүп калганын билдирүүдө:

“Мурда биз жазган вариант жакшы болчу. Анда экс-президент президенттик кызматты аркалап турган учурдагы да, андан кеткенден кийинки мезгилдеги кылган иштери үчүн жоопкерчиликке тартылаары көрсөтүлгөн. Эми болсо улам сунуштар эске алынып жатып өзгөрүп калды. Мында экс-президент президенттик мезгилдеги аракеттери үчүн гана жоопкерчиликке тартылаары жазылып калган. Ошондуктан менен бул мызамды колдоодон баш тартууну суранам”.

Долбоорго киргизилген өзгөртүүлөрдө экс-президенттердин саясатка аралашуусун чектеген ченемдер да камтылган. Бул депутат Акылбек Жапаровдун демилгеси. Дал ушул жагдай талкуу жаратты.

Маселен президент болуп 35 жаштагы жаран шайланып калса, 6 жылдан кийин мөөнөтү аяктаганда ал 41 эле жашта болот да. Ал жапжаш туруп эч жерде иштей албай калабы? Ушул жагын ойлонуп көрдүңөрбү? - деп өз оюн билдирди Жогорку Кеңештин депутаты Айнура Алтыбаева.

“Президенттин ишмердигинин кепилдиктери” жөнүндө мыйзамды өзгөртүү демилгеси былтыр Жылуулук электр борборунун айланасындагы абал талкууланып жаткан учурда көтөрүлгөн. 

Аталган мыйзамдын 12-беренеси коомчулукту кызыктырган эң маанилүү маселе болууда. Анда экс-президент кол тийгис укуктарга ээ экени, мамлекет башчысы болуп турган учурдагы аракеттери үчүн кылмыш жообуна тартылууга, кармалууга, камакка алынууга, тинтүүгө, суракка алынууга же жеке текшерүүгө дуушар болууга мүмкүн эмес деп белгиленген. Көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып жаткан дал ушул жобону толугу менен жоюу сунушталган. 

Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде долбоор жогоруда айтылган сунуштарды камтуу менен экинчи окууда кабыл алынды. Айрым жагдайлар кайра иштелип чыгат. 2007-жылдан бери экс-президенттердин кол тийбестиги конституция аркылуу корголгон эмес. Болгону “Президенттин ишмердигинин кепилдиги” тууралуу мыйзамда гана кол тийбестик сакталып кала берген.




Новости по дате