http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар": 14 миңдей эреже бузуу катталды

"Коопсуз шаар": 14 миңдей эреже бузуу катталды

13 Фев , 10:46 2442

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 12-февралда саат 17:00гө чейин 14 миңдей жол эрежесин бузган учур катталган. Бул тууралуу Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат катчысы Тилек Оторов кабарлады. 

Анын айтымында, эреже бузуулар кайра каралып чыгып, юридикалык баа берилген соң гана унаа элерине айып төлөө үчүн жөнөтүлөт. "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында Бишкекте ылдамдыкты ашырып айдаган унаалар менен карама-каршы тилкеге чыккан унааларды аныктоочу жети радар 12-февралдан тартып иштей баштады. 

Камералар жол эрежесин бузуунун жети түрүн аныктайт. Радар орнотулган жылып жүрүүчү аппараттарды адистешкен операторлор көзөмөлдөп турат. Жол кыймылын бузуп каттоого алынган унаалардын номуру "Инфокомго" жөнөтүлөт. 

Андан соң, Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалык айып пулдун өлчөмүн аныктап, үч күндүн ичинде "Кыргыз почтасы" аркылуу айдоочуга жиберилет. Айдоочу айыпты 1 айдын ичинде төлөөгө милдеттүү.


Новости по дате