http://www.ktrk.kg/“Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу” мыйзам талкууга жем таштады

“Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу” мыйзам талкууга жем таштады

13 Фев , 21:54 947

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мурдагы мамлекет башчылары саясатка аралашып, кайра маанилүү кызматтарды аркаласа кол тийбестиктен ажырайт. Мындай жобо “Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу” мыйзам долбоорунда камтылып, ал Жогорку Кеңеште экинчи окууда кабыл алынды. 

“Президенттин ишмердигинин кепилдиги тууралуу” мыйзам долбоорун кайрадан иштеп чыккан демилгечи депутаттар тарабынан мурдагы мамлекет башчысы президенттик кызматты аркалап турган учурдагы аракеттери үчүн кылмыш жообуна тартылбайт деген беренени жокко чыгаруу сунушталган. 

Бирок Жогорку Кеңештин экинчи ирет кароосуна долбоор өзгөртүүлөр менен жөнөтүлдү. Ага ылайык эгер мурдагы мамлекет башчылары саясатка аралашса, маанилүү кызматтарды аркаласа гана “экс-президент” үчүн каралган кол тийбестиктен, артыкчылыктардан ажырайт.


Новости по дате