http://www.ktrk.kg/Нуриман Жакшылыков жардамга муктаж

Нуриман Жакшылыков жардамга муктаж

14 Фев , 9:57 1795

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен "Элим, барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фондунун “Жүрөктөн жүрөккө” аттуу долбоору уланууда. Бул жолку чыгарылышта ден соолугуна байланыштуу каражатка муктаж болгон төрт жарым жаштагы Нуриман Жакшылыков тууралуу сөз кылабыз. Ага чет өлкөдө кымбат операция жасатуу зарыл болуп турат. Нуримандын ата-энеси кайдыгер карабай, кол сунган жарандардан жардам күтөт.

Бир оюндан башканы билбей, балалыктын баёо кыялдарына жетеленген убагында Нуриман алдыда эки чоң операцияны баштан өткөргөнү турат. Дарыгерлер менен кеңешкенде, мындай операцияны чет мамлекетте жасатууну сунуштаган. Нуримандын ата-энеси мындай операциянын эң арзаны Түркияда жасалаарын билген. Жалпы 30 миң доллар керек болуп турат.

 

Новости по дате