http://www.ktrk.kg/Өткүрбек Жамшитов: "Элдин акчасын уурдагандар мыйзам чегинде жооп берет"

Өткүрбек Жамшитов: "Элдин акчасын уурдагандар мыйзам чегинде жооп берет"

14 Фев , 11:47 967

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Элдин акчасын уурдагандар мыйзам чегинде жооп берет. Бул туурасында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңеште депутаттарга маалымат берүү учурунда билдирди. Анын айтымында, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча айыпталгандардын жашырылган мүлктөрү изделип жатат. Алардын башка бирөөлөргө жазылган же офшордук аймактарда мүлктөрү бары-жогу, банк эсептерин текшерүү боюнча иштер жүрүүдө. 

Ошондой эле, Башкы прокурор 2 миллион доллар ТВЕА тарабынан эки мектептин курулушуна берилгенин, бирок бир гана мектеп курулуп, мамлекетке 94 миллион 860 миң сом зыян келтирилгенин айтты. Депутат Дастан Бекешев Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сот иши ачык болсун деген каалоосун билдирди. 

Жамшитов кылмыш иши жашыруун эместигин, аны элге ачык же жабык өткөрүүнү сот чечерин маалымдады. Парламент Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө Башкы прокуратуранын маалыматын угууда.

Новости по дате