http://www.ktrk.kg/Жогорку Кеңеште ЖЭБге байланыштуу иш талкууланды

Жогорку Кеңеште ЖЭБге байланыштуу иш талкууланды

14 Фев , 22:51 1103

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жылуулук электр борборун жаңылоого тиешеси бар мурдагы атка минерлерге дагы кошумча кылмыш иши козголушу мүмкүн. Бул тууралуу Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештеги жыйында билдирди. Ал белгилегендей, кылмыш иши мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга байланыштуу ачылат. 

Парламент депутаттары укук коргоо органдарынан, тиешелүү мекеме жетекчилеринин ЖЭБдин айланасындагы маселелер боюнча маалыматтарын угууда. Жылуулук электр борборунун айланасындагы абал боюнча жалпысынан 5 кылмыш иши козголгон. Алардын эң негизгиси - кытайлык Ти-Би-Эй компаниясы менен түзүлгөн келишим боюнча иште мурдагы премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев менен Сапар Исаков баштаган 8 адамга айып коюлган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кытайлык ишкананын кызыкчылыгы корголгон деген бүтүм чыгарылган.

“Бирөөнүн мыйзамсыз мүлкү табылдыбы? Мисалы, Лоббирование кылганда акча алганы же чет өлкөдөгү мүлктөрү табылдыбы?”,- деп суроо берди Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев.

“Тийиштүү эпизод, тийиштүү адамдар боюнча материалдар өзүнчө бөлүнүп алган. Ар бир багыт боюнча ар бир мамлекеттерге тийиштүү тапшырмалар жөнөтүлгөн. Биз ошондой ишти аткаруу боюнча болгон аракетти жумшап жатабыз. Эгер ошондой мүлктөрү чет өлкөлөрдөн табылса, буюрса табылат. Анда кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кошумча кылмыш иши козголот”,- деп билдирди Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов.

Новости по дате