http://www.ktrk.kg/Өрт кырсыктарынын курмандыктарына наристелер көп кабылууда

Өрт кырсыктарынын курмандыктарына наристелер көп кабылууда

14 Фев , 23:02 1898

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Республика боюнча өрт кырсыгы өткөн жылга салыштырмалуу азаюуда делген менен акыркы убакта кырсыктар көп катталууда. 

Айтсак, бул жумада Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылында жана Бишкектин чет жакасында жайгашкан Келечек жаңы конушунда кейиштүү окуялар катталды. 

Келечек жаңы конушунда жайгашкан там күйүп жаткан учурда ичинде 3 жарым, 2 жарым жана 1 жарым жаштагы кичинекей наристелер болгон. Балдардын кош бойлуу апасы жакын жерде жайгашкан бейтапканага балдарын бекитип коюп чыгып кеткен. Ошол убакытта балдары ышка ууланып эстерин жоготкон.

Учурда балдардын улуусу менен ортончусунун абалы канааттандыраарлык. Ал эми кичүүсүнүкү оорураак болуп жаткандыктан, дарыгерлер бар күчүн жумшап, аман алып калуунун аракетинде.


Ал эми эки күн мурда Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы бул үйдүн Мээрим аттуу жаш келини 10 жаштагы жана экидеги уулдары менен каза болгон. Бул окуя боюнча коомчулукта ар кандай божомолдор айтылууда.


Жыл башынан бери республика боюнча мындай кырсыктын 104ү катталган. Бул өткөн жылга салыштырганда 54 пайызга аз дейт адистер.

Кырсык каш-кабактын ортосунда. Ал эч убакта айтып келбейт. Андыктан ар дайым абайлап сак болууну адистер эскертет.




Новости по дате