http://www.ktrk.kg/15-февралдан тартып  "Мектепке электрондук түрдө жазылуу" долбоору ишке кирет

15-февралдан тартып "Мектепке электрондук түрдө жазылуу" долбоору ишке кирет

14 Фев , 23:00 3737

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

15-февралдан тарта Бишкек шаарында "Мектепке электрондук түрдө жазылуу" долбоору ишке кирет. 

Тутум биринчи жолу колдонууга берилип жатат. Электрондук кезекке туруу буга чейин бала бакчаларга карата да киргизилген. 

Бул билим берүү системасын санариптештирүүнүн алкагында жүрүп жаткан иштердин бир бөлүгү гана. 

Билим берүү тармагын санариптештирүүнүн алкагында өлкө аймагындагы бардык мектептер интернет менен жабдылат. Учурда билим берүү мекемелерине интернет тартуу жана компьютер менен жабдуу иштери жүрүп жатат. Буга чейин өлкөнүн мектептерине 1300 компьютер коюлса, 2019-жылы дагы 1300дөн ашык компьютер коюлат.

Билим берүү министрлиги быйыл жаңылык катары мектептерден тартып жогорку окуу жайларга чейин электрондук күндөлүк, электрондук журнал жана электрондук маалымат алмашуу ыкмаларын киргизүүнү көздөп жатат. Бул окутуудагы иш аракеттерди гана ыкчамдатпастан, билим сапатын жогорулатууга да өбөлгө болот.

Билим берүү министрилиги 2019-жылы дагы өлкөдөгү жалпы жана жогорку билим берүүнүн сапатын жогорулатууну артыкчылыктуу маселе катары карап, иш тартибин ага ылайыкташтырмакчы. 



Новости по дате