http://www.ktrk.kg/Төкөлдөш: салынып жаткан тар жол

Төкөлдөш: салынып жаткан тар жол

22 Май , 14:02 53

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ТӨКӨЛДӨШ: САЛЫНЫП ЖАТКАН ТАР ЖОЛ

Жогорку Төкөлдөштөгү Армейский көчөсүндө былтыртан баштап жолчулар жол салып башташкан. Бирок салынып жаткан жол өтө эле тар. Видеодон көрүп тургандай, бул жолдун туурасы 4,5- 5 метрге жетпейт. Жашоочулардын үйлөрү жолдун түбүндө эле жайгашкан. Тротуар аттуу жок. Мына минтип тургундар унааларын үйүнүн астына токтотуп койгондо, башка унаалар өтө албай убара тартышат. 7-апрель көчөсүндөгү жол тыгындан качкан айдоочулар, Туңгучту көздөй ушул жол менен өтүшөт. 

Салат десе эле сала бербей, стандарттарды да карап коюш керек да. Бул кууш жол, жол кырсыктарына да алып келет. Эки унаанын өтүүшү кыйын. Жол салгандарды дагы Госстандарт деген текшерет болуш керек. Жолду бүткөндө кантип тапшырышат? Таңкалыштуу. Бишкек мэриясы ушу маселеге да көз салып жолду стандартка келтиришсе жакшы болот эле, кийин кайра оңдоого жеткирбей. Бир жумушту эки кылбай. Эмнеге деген каражат жумшалат ушуга,-деп ачууланган Бишкек шаарынын тургуну Ислам Конокпаев.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате