http://www.ktrk.kg/Элдик репортер: Бир корпусу күйүп кеткен мектептен окуучулар билим алып жатышат

Элдик репортер: Бир корпусу күйүп кеткен мектептен окуучулар билим алып жатышат

14 Фев , 10:46 184

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Жумгал районундагы  Чоң Дөбө айылынын мектеби авариялык абалда болгондуктан мындан 5-6 жыл мурун эле колдонууга болбойт деп табылган. Бирок башка мектеп жок болгондуктан окуучулар айла жок билим алып келе жатышат. Ал аз келгенсип жакында 1 корпусу толугу менен күйүп кетти. Учурда ушул мектептин 3 классында балдарыбыз аргасыз окуп жатышат деп кайрылган ата-энелер.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате