http://www.ktrk.kg/Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

Шашылыш билдирүү! Тоолуу райондордо кар көчкү түшүү коркунучу бар

15 Фев , 11:18 2333

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

15-февралдан 17-февралга чейин жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар. 

Бишкек — Ош унаа жолунун Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Ала-Бука — Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусунда, Красная-Горка — Ак-Таш унаа жолунда, Мырзаке — Кара-Кулжа — Алайкуу унаа жолунда, Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолундагы Талдык, Тоң-Мурун ашууларында кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. 

Андан тышкары, Сары-Таш — Кара-Мык унаа жолунда, Казарман — Актал-Чат унаа жолундагы Ийри-Суу тилкесинде, Кара-Көө ашуусунда, Каракол — Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашууда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.



Новости по дате