http://www.ktrk.kg/Шопоков шаары: май куючу жай үйлөрдүн жанына салынууда

Шопоков шаары: май куючу жай үйлөрдүн жанына салынууда

22 Май , 17:38 255

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ШОПОКОВ ШААРЫ: МАЙ КУЮЧУ ЖАЙ ҮЙЛӨРДҮН ЖАНЫНА САЛЫНУУДА

Мыйзам боюнча май куючу жайлар калктуу конуштан жок дегенде 50 метр алыс аралыкта жайгашыш керек эле. Бирок бул тасмада көрүп тургандай май куючу жай үйлөрдүн жанында эле салынууда. Сокулук районунун Канаева Эльмира аттуу тургундан бул билдирүү келип түшкөн.

Сокулук районунун Шопоков шаарында Фрунзе жана Комсомольская көчөсүнүн кесилишинде үйлөрдүн жанында май куючу жай салынып жатат. Эч кандай коопсуздук эрежелери сакталган эмес. Бул жакта аллея бар болчу, аны тосуп алышты. Балдар мектепке бараткан жолду май куючу жерге кире турган жер кылып алышкан. Кокус кырсык болуп кетсе ким жооп берет? Шопоков шаарынын мэрине буга чейин кайрылганбыз. Эч кандай жыйынтык чыкпаганынан кечээ күнү дагы бир ирээт арыз жазып кайрылсак, Экотехинспекцияга кат жөнөтүшкөнүн бирок алардан катка жооп келбей жаткандыгын айтышты. Биз элдердин колдорун койдуруп үч киши болуп экотехинспекциясына арыз жазып кайрылдык. Аба газ менен булганган. Кимден жардам сураарыбызды билбейбиз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.



Новости по дате