http://www.ktrk.kg/Cот системасын санариптештирүү - бул коррупция менен күрөшүү

Cот системасын санариптештирүү - бул коррупция менен күрөшүү

22 Май 2019 , 22:47 2450

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

 Жыл аягына чейин бардык сот залдары видеокамера жана үн жазуучу аудиоаппарттар менен толук жабдылат. Бул сот реформасынын алкагында жүрүп жаткан көлөмдүү жумуштун бир бөлүгү.  Ошондо ар бир соттук отурумдун жүрүшү аудио-видеого жаздырылат. Ошол эле учурда сот системасында да санариптештирүү жүрүп жатат. 

Учурда соттук-укуктук реформа үч багытта жүрүп жатат. Бул мыйзамдарды өркүндөтүү, татыктуу кадарларды тартуу жана мыкты материалдык-техникалык базаны түптөө. Сот реформасын ишке ашыруу максатында онго жакын мыйзам менен Кодекстер кабыл алынды. Алардын эң акыркылары жыл башында күчүнө кирген. Бул "бузуулар", "жазык", "жазык- процесстик" жана "жазык аткаруу" кодекстери.
Соттук-укуктук реформанын алкагында жасалып жаткан көлөмдүү иштердин бири-бул сот тутумун санариптештирүү. Соттун адилеттигин, ачыктыгын жана коррупцияга аралашпай кынтыксыз иш алып баруусу үчүн сот залдары аудио видеокамералары менен жабдылууда. Бүгүнкү күндө 86 сот залы аудио жана видео жаздыруу менен камсыздалса жыл аягына чейин бардык сот залдары толук жабдылат. Аны менен кошо сот өндүрүшүндөгү каралган иштердин документтери толук электрондук түрдө болот.
Бул иштер менен бирге сот актыларынын бирдиктүү реестри да түзүлүп жатат. Ага сот чечимдеринин электрондук түрү жайгаштырылат. Бара-бара архивдеги чечимдер да санариптештирилип реестрге киргизилет. Бул аракеттин баары жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, сот адилеттигин, ачык жана айкындуулукту камсыздап, коррупцияны жоюу, сотко болгон ишенимди кайтаруу максатында жасалып жаткан аракеттер-дейт адистер.

 


Новости по дате