http://www.ktrk.kg/Өкмөт 2018-жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында үч негизги маселени талкуулады

Өкмөт 2018-жыл жыйынтыгын чыгарган жыйында үч негизги маселени талкуулады

15 Фев , 22:55 1301

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өкмөттүн жыйынында үч негизги маселе талкууга алынды. Алар социалдык-экономикалык өнүгүү, 2018-жылы Аймактарды өнүктүрүү боюнча Президенттин жарлыгына ылайык бекитилген иш мерчемдердин аткарылышы жана “Биримдик. Ишеним. Жаратмандык” Программасын ишке ашыруу боюнча 2019-жылга карата кадамдык План каралды. Жыйындын жүрүшүндө министрлик жана ведомстволордун айрым жетекчилерине сөгүш жана эскертүүлөр жарыяланды.

Дүйнөлүк экономикадагы татаал шарттардын илебине карабай Өкмөт экономикалык жагдайды жолго салып, натыйжалуу иштеп кете алды. Буга беделдүү эл аралык уюмдардын берген жогорку баасы далил боло алат, - деди Премьер-министр. Эл аралык уюмдардын баасында өлкөдөгү макроэкономикалык туруктуулук башка тармактардагы өсүштү камсыздай алды.
Тышкы соода жүгүртүү боюнча да көрсөткүчтөр жаман эмес. 2018-жылдын он бир айында өлкөнүн тышкы соода жүгүртүүсү 5,9 миллиард долларды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 6,2%га өсүш болгон.
Бул жетишкендиктер жалпы аракеттин натыйжасы-деди Экономика министри. Республика боюнча экономиканын баардык тармагы боюнча мамлекеттик колдоо болуп жатат. Тагыраагы кайра иштетүү тармагындагыларга, фермерлерге жеңилдетилген насыялар берилип жатат, дыйкандарга лизингге айыл чарба техникалары, күйүүчү жана майлоочу май жагынан жардам берилүүдө. Орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Кепилдик фонд түзүлгөн жана 755 млн. сомго 656 кепилдик берилди. Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду да экономикалык долбоорлорду колдоп келүүдө. Бирок бул жеңилдетилген каржылык көмөктү эң көп Ысык-Көл облусу колдонгон, эң эле аз долбоор сунуштаган Нарын облусу.

Өкмөт жыйынында иштеп жаткан да аягына чыкпай турган жана чечилбей жаткан көйгөйлөр да талкууланды. Былтыр ар кайсы тармакта маанилүү делген бир катар долбоорлор ишке ашкан. Ошенткен менен аткарылган иштер тууралуу маалыматты аткаминерлер Жогорку Кеңешке келгенде жеткиликтүү баяндай албаганын сынга алды. Жалпы талаптар менен бирге Премьер-министр жыйын маалында уюлдук телефонго алаксып отурган айрым өкмөт мүчөлөрүнө сын да айтты.

Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева жана анын орун басары Надира Жусупбековага, Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевге, милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун директору Марат Калиевге, Экономика министри Олег Панкратовго, инвестицияны алга жылдыруу жана коргоо агенттигинин жетекчиси Шумкарбек Адилбек уулуна жана башка айрым аткаминерлерге сөгүш жарыяланды. 

2019-жылы Өкмөт бир топ маанилүү максаттарды алдыга койду. Сырттан каражат албастан иш алып барууга басым жасалат. Бюджет бекитилген жана иштер жүрүп жатат. Эң башкысы аймактарды өнүктүрүү багытында башталган иштер улантылат-деди Өкмөт башчы.


Новости по дате