http://www.ktrk.kg/Өлкө башчысынын катышуусунда «Аймактар үчүн Таза суу» форуму өтөт

Өлкө башчысынын катышуусунда «Аймактар үчүн Таза суу» форуму өтөт

23 Май , 10:37 419

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-майда «Аймактар үчүн Таза суу» форумуна катышат. Иш-чарага Европалык Реконструкция жана Өнүгүү банкынын Президенти Сума Чакрабарти, министрликтер жана ведомстволордун, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын жетекчилери, суу менен камсыз кылуу боюнча муниципалдык ишканалардын директорлору, донорлук коомчулуктун өкүлдөрү чакырылды. 

Форумдун катышуучулары бүт өлкө боюнча суу менен камсыздоо, санитария жана ирригация тармактарын жакшыртууга багытталган стратегияларды жана конкреттүү кадамдарды талкуулайт. Форумдун жүрүшүндө кыргыз өкмөтү жана Европа банкы ортосунда суу менен камсыздоо системаларын жакшыртуу боюнча эки макулдашууга кол коюлат. 

Алар - Мырзаке, Куршаб жана Дөң-Булак жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында суу менен камсыздоо системаларын реабилитациялоо боюнча макулдашуу жана Жалал-Абад шаарында суу менен камсыздоо системасын жакшыртуу боюнча макулдашуу. Эки долбоордун инвестицияларынын жалпы суммасы 15 млн евродон ашуун сумманы түзөт.

Иш-чаранын уюштуруучулары — Европалык Реконструкция жана Өнүгүү банкы менен өкмөткө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

Новости по дате