http://www.ktrk.kg/Жаз алды менен Жумгал - Кочкор унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт

Жаз алды менен Жумгал - Кочкор унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт

16 Фев , 17:16 599

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарындын Жумгал - Кочкор унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт. Жумуштар жаз айы менен башталып, 70 чакырым жолго асфальт төшөлүп, ишти Италиялык компания жүргүзөт. Ал эми жолду оңдоого Азия өнүктүрүү банкы жүз он беш миллион долларга чукул акча которгон. 

Азыр адистер жолду ченөө жана жабдыктарды орнотуу иштерин жүргүзүп жаткан учуру. Жумуштарды 2021-жылга чейин бүткөрүү планы коюлган. Эске салсак, Жумгал районуна баруучу жол жарактан чыгып, элдин нааразычылыгын жаратып келген.

Новости по дате