http://www.ktrk.kg/Быйыл Кыргызстандын тышкы саясатында олуттуу эл аралык иш-чаралар орун алат

Быйыл Кыргызстандын тышкы саясатында олуттуу эл аралык иш-чаралар орун алат

17 Фев , 0:11 1659

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2019-жыл дагы өткөн жылдагыдай эле Кыргызстандын тышкы саясатында маанилүү жылдардын бири болот. 

Быйыл өлкөгө дүйнөдөгү ири державалардын лидерлери, Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин, Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапары менен, ал эми Индиянын премьер-министри Нарендра Моди расмий визит менен келет. 

Жайдын башында болсо Бишкек өзүндө Шанхай Кызматташтык уюмунун кезектеги саммитин кабыл алат. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда жана бул жолу ШКУнун саммитине биринчи жолу Индия жана Пакистан мамлекеттери толук кандуу мүчө катары катышат.

Мына ушул эл аралык деңгээлдеги иш-чараларга карата даярдык маселесин президент Сооронбай Жээнбеков ушул аптада өлкөнүн тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков менен талкуулады. Өлкө башчысы бекитилген планга ылайык, белгиленген мөөнөттө алдыга коюлган маселелердин баарын өз убагында ишке ашыруу тапшырмасын берди. 

Белгилей кетсек, жогорку деңгээлдеги иш-чараларда коопсуздук, саясат экономикадан тартып, маданий гуманитардык кызматташтыкка чейинки маселелер козголот. 



Новости по дате