http://www.ktrk.kg/Нарындын Жумгал - Кочкор унаа жолу оңдолот

Нарындын Жумгал - Кочкор унаа жолу оңдолот

18 Фев , 10:13 3812

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарындын Жумгал - Кочкор унаа жолу оңдоп-түзөөдөн өтөт. Жумуштар жаз айы менен башталып, 70 чакырым жолго асфальт төшөлүп, ишти Италиялык компания жүргүзөт. Ал эми жолду оңдоого Азия өнүктүрүү банкы жүз он беш миллион долларга чукул акча которгон. Азыр адистер жолду ченөө жана жабдыктарды орнотуу иштерин жүргүзүп жаткан учуру. Жумуштарды 2021-жылга чейин бүткөрүү планы коюлган. 

Эске салсак, Жумгал районуна баруучу жол жарактан чыгып, элдин нааразычылыгын жаратып келген.

“Күндүн жылышы менен техникаларын алып келебиз деп жатышат. Толук алып келип бүткөндөн кийин апрельдин ону менен жумуштарын башташат”,- деп билдирди Жумгал районундагы №24 жол тейлөө ишканасынын башчысы Зарылбек Моңошов. 

Новости по дате