http://www.ktrk.kg/КТРКнын башкы директору кызматы үчүн 13 талапкер арызын берди

КТРКнын башкы директору кызматы үчүн 13 талапкер арызын берди

18 Фев , 14:11 4447

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын башкы директору кызматы үчүн 13 талапкер арызын берди. Маалыматтарга караганда, бүгүн саат 17:00дө арыз алуу аяктайт. Талапкерлердин аттары арыздар кутучадан алынгандан кийин гана белгилүү болот. "Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт. 

Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамында учурда алты телеканал бар. 

Азыркы тапта “Коомдук биринчи канал”, “КТРК Музыка”, “Маданият-Тарых-Тил”, “Баластан”, “КТРК Спорт” жана “Ала-Тоо 24” обого чыгууда. 

Ошондой эле, КТРКнын Кыргыз радио бирикмесинде “Биринчи радио”, “Кыргыз радиосу”, “Миң кыял”, “Достук”, "Балдар FM" радиолору бар.

Новости по дате