http://www.ktrk.kg/Байкоочу кеңеш КТРКнын башкы директор кызматына талапкерлердин документтерин ачууда

Байкоочу кеңеш КТРКнын башкы директор кызматына талапкерлердин документтерин ачууда

18 Фев , 17:32 2829

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын башкы директору кызматы үчүн 13 талапкер арызын берди. Бүгүн саат 17:00дө арыз алуу аяктайт. Талапкерлердин аттары арыздар кутучадан алынгандан кийин  белгилүү болот. "Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө" мыйзамга ылайык, башкы директор төрт жылга шайланат. Байкоочу кеңеш жабык добуш берүү жолу менен тандайт. 

Сынак КТРКнын азыркы жетекчиси Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу 18-январда жарыяланган. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын курамында учурда алты телеканал бар. 


Новости по дате