http://www.ktrk.kg/Мектептерге электрондук кезек

Мектептерге электрондук кезек

18 Фев , 22:43 632

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ушул жылдын февраль айынан тарта Бишкек шаарынын мектептерине электрондук кезекке туруу боюнча долбоор ишке кирип ийгиликтүү уланууда. Жаңы саамалык кандай иштеп жатат, биздин чыгармачыл топ кызыгып көрдү.

2 миңге жакын окуучу билим алган Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназиясына жалпысынан биринчи класска 200 ашык бала кабыл алынат. Ар бир класста 40-42 ден окуучу бар. 

Эми быйылкы жаңы окуу жылында мурдагыдай эмес, электрондук кезек менен кабыл алынат. Ата-энелерден түшкөн электрондук арыздарды ар бир мектептин жетекчиси өзү карап текшерет. Ата-энелер дагы мектеп жетекчилери да кезекти тездетүү процессине эч кандай таасирин тийгизе албайт.


Новости по дате