http://www.ktrk.kg/Беловодский айылындагы паспорт берүүчү мекеме кейиштүү абалда

Беловодский айылындагы паспорт берүүчү мекеме кейиштүү абалда

23 Май , 17:57 277

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Москва районундагы Беловодский айылында паспорт берүүчү мекеменин ичи кейиштүү абалда. Билдирүү жиберген Коешева Нуркыз, бул мекемеде тазалык сакталбаганына жана кызматкерлердин кайдыгер мамилесине ачууланып "Элдик репортерго" кайрылган.

Балам менен келгем, киргенден чыкканга шаштым, балама оору жугузуп албайын деп. Ичинде тазалык сакталган эмес. Канча деген адамдар отурат. Дем алганга аба жок. Отурган отургучтарынын эскилиги жеткен. Кезек күткөндөр көп. Эртең менен саат 9 да келгем, 11 чейин кезекте турдум. Тийешелүү документтерди таап беришин сурансам, болгону 5 бөлмө бар экен, улам бири-бирине жиберип жатышты. Эмне булар өздөрүнүн ишин билбейби билбейм. Улам бир шылтоо менен эртең кел деп жооп беришти. Бул жер мамлекеттик мекеме болгондон кийин тазалыкты сакташ керек элего.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате