http://www.ktrk.kg/Айылына астана орноткон 10 жылдык бүтүрүүчүлөр

Айылына астана орноткон 10 жылдык бүтүрүүчүлөр

24 Май , 13:15 129

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы Жаңы-Жер мектеп- комплексинин 10 жыл мурунку бүтүрүүчүлөрү Жаңы-Жер айылынын кире беришине айылдын аты жазылган астана (арка) тургузуп беришти. 

"Өткөн жылдагы аймактарды өнүктүрүү жылынын алкагында, айылыбызга аз да болсо салымыбызды кошолу деп, айылыбызга астана орнотууну туура көрдүк. Сүйүктүү мектебибиз жана урматтуу агай-эжейлерибизге ар дайым ырахматыбызды айтабыз. Биз сиздерге таазим кылып, жакшы ой-тилек менен айылыбыз, мектебибиз үчүн болгон белегибиз болсун",- деген билдирүүсүн калтырган бүтүрүүчүлөрдүн бири А.Сыдыкбеков.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате