http://www.ktrk.kg/Ысык-Көл району: Көк-Дөбө айылына кетчү көкөйгө тийген жолдун абалы

Ысык-Көл району: Көк-Дөбө айылына кетчү көкөйгө тийген жолдун абалы

24 Май , 13:17 82

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл районунун Ананьево айыл өкмөтүндөгү Көк-Дөбө айылына кетчү жолдун абалы өтө начар. Жолдун асты асфальт болгону менен үстүн кум басып калган. 

"Айыл өкмөт башчысына кайрылсам, "көрөлү" деген бойдон жыйынтык жок. Бул жол кышкысын кар басып чуңкурлар толуп билинбей калат. Жайкысы ушундай аңгыл-дөңгүл, чаң болуп турат. Бул жол менен Кырчын жайлоосуна дагы барышат. Жол ДЭУга карабайт, айыл өкмөттүн карамагында, ошондуктан кайдыгерлик мамиле. Ушул жолду ондоп, кумун тазалап, туурасы кенейтишсе жакшы болот эле",- деп билдирген Көк-Дөбө айыл тургуну Байышбек Кыйшыков.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате