http://www.ktrk.kg/Шахта-Жыргалаң айлындагы көмүр кен ишканасы талап-тонолууда

Шахта-Жыргалаң айлындагы көмүр кен ишканасы талап-тонолууда

24 Май , 13:19 116

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районуна карашту Шахта-Жыргалаң айлында көмүр кени чыккан ишкана бар. Совет мезгилинде туш тараптан элдер келип иштешчи, союз тараганда иши солгундап, 2007-жылы жеке менчике өтүп кеткен. Бара - бара иши алдыга жылбай, карызы көбөйүп, акыры барып начар абалда. 

"Экономика министирлиги атайын өкүл иш алып барып, инвестор тартылат деген. Бирок 2016-жылдан бери эч бир иш жүрбөй, талап тонолуп жатат. Ишканада иштеген адамдардын аласасы 18 миллиондон сомдон ашык. Ишкананын жетекчилиги эмгек акыңарды беребиз деп убада берген, бирок убада аткарылган жок. Эми бир жумадан бери кран машина жалдап келип ишкананын темирлерин, тетиктеринин барын чыгарып кетишүүдө. Аймактарды өнүктүрүү жылында Шахта-Жыргалаң айлындагы жалгыз ишкананы жандандырып, иш орундарды түзүш керек эле, бизде болсо тескерисинче өнүктүрбөй эле талап-тонолуп жатат",- деп билдирүү калтырышкан. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате