http://www.ktrk.kg/Арча-Бешик конушундагы үйдөн-үйгө чубалган электр чубалгылары

Арча-Бешик конушундагы үйдөн-үйгө чубалган электр чубалгылары

24 Май , 13:24 116

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарыныны четиндеги Арча-Бешик жаңы конушундагы Набережная жана Абдрахманов көчөлөрүндө электр энергиясын тартуу маселеси көйгөйлүү. 

"Электр мамычылары, чубалгылары тартип менен тартылган эмес, 100 метр, 80 метр жерде биринин короосунан биринин үйүнө тартылып, самсаалап турат, электр мамычалары жетишсиз.  Балдар ойногон, киши баскан жерлерге чейин электр чубалгылары чубалып турат. Шамал болгондо көбү кулап, үзүлүп жерге түшөт. Менин бул конушта жашаганыма 20 жылдан ашты, кайрылбаган жерибиз калган жок, электриктер карабай, айыл өкмөт бизди карабайт. Ушул көчөдө 17 түтүн жашайбыз 4 электр мамыча бар, аны кайтарып жашап келе жатабыз Көчөбүз да начар, 20 жылдан бери бир кум төгүлгөн жок",- дейт айыл жашоочусу Нусупбаев Абдрахманов.  


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате