http://www.ktrk.kg/Бишкекте чөнтөк уурулар көбөйүүдө

Бишкекте чөнтөк уурулар көбөйүүдө

20 Фев , 15:11 1619

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкекте чөнтөк уурулар көбөйүүдө. Бишкек шаардык милициясы жагдайды алдын алуу максатында шаардык жол көзөмөлдөө башкармалыгы менен биргеликте, маршруттук унаалардын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Белгилүү болгондой, уурулуктун көпчүлүгү соода борборлорунда, базарларда, эл топтолгон жерлерде жана коомдук унааларда катталып, негизинен телефондор, капчыктар уурдалып жаткандыктан, ар бир маршруттук унаага видео көзөмөлдөөчү камераларды коюу сунушталды. Маалыматка караганда, акыркы бир айдын аралыгында 500дөн ашык чөнтөк уурулардан жабыркаган учурлар катталган.

“Биз камераны мурда эле коюп алганбыз, бирок маршруттун сыртына. Эми ичине да орнотобуз. Негизи идея жакшы, анткени эреже бузуулар да болбойт. Биздин линияда бир да жолу уурулук катталган жок”,- дейт №214 маршруттук унаанын механиги Нурлан Сейталиев. 

Новости по дате