http://www.ktrk.kg/Өзгөн району: "Таза-Суу" ишканасынын аймагындагы антисанитардык абал

Өзгөн району: "Таза-Суу" ишканасынын аймагындагы антисанитардык абал

24 Май , 14:19 249

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөн районундагы "Таза-Суу" ишканасынын унаалары токтой турган аймак эч бир санитардык эрежелери сакталбаган базарга айланган. Бул базардын жагымсыз, антисанитардык абалын автор тасмага тартып жөнөткөн. Видеодон көрүнүп тургандай аталган базардын артында унаа тетиктери менен аралашып, малдын тээрилери, жашылча-жемиштердин калдыктары чачылып жатат. Күндүн ысыгында жыттанып, чымын-чиркей да каптап кеткен.

"Бул базардагы соодагерлер минтип кара желим менен өздөрү отурган орундарын тосуп алышып, жашыл-жемиштерди сатып отурушат. Артында эмне болуп жатканы менен иштери жок. Базарды айлана бассаң бүт эле таштанды, темир тезек, тамак-аш азыктары, акыр-чикир бары эле бир жерде аралаш. Тазалаган киши жоктой",- дейт тасманын автору. 


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате