http://www.ktrk.kg/"Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн айып пулду бөлүштүрүү тартиби бекитилди

"Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн айып пулду бөлүштүрүү тартиби бекитилди

21 Фев , 10:30 566

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Коопсуз шаар" долбоорунан түшкөн айып пулдун суммасын белгилөө жана пайдалануу тартиби бекитилди. 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон токтомго ылайык, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аппараттык-программалык комплекси аркылуу аныкталган жол эрежелерин бузуулар үчүн айып пулдарды топтоо боюнча администрациялануучу эсеби ачылды. 

Ага каражат жол эрежелерин бузуулар үчүн төлөнгөн айып пулдардан келип түшөт. Түшкөн каражатты каттоо автоматтык тартипте "Коопсуз шаар" маалыматтык тутуму аркылуу ишке ашырылат.






Новости по дате