http://www.ktrk.kg/Балдардын маселесин чечүү эртеңкиге калбаш керек

Балдардын маселесин чечүү эртеңкиге калбаш керек

24 Май , 16:36 561

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда ар бир үчүнчү бала кедейчиликте өсөт. Бойдун жапыздыгы тамакты тоё жебегендиктин жана жакыр турмуштун тикелей белгиси. Мындай маалымат Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурулуп жаткан “Ачык диалог” иш-чарасында маалым болду. Анда белгиленгендей, балдардын келечегине жаштайынан шарт түзбөсө ал бара-бара социалдык көйгөйгө айланып, жетишпеген жашоо майыптыкка да алып барышы мүмкүн. 

Балдардын жакыр абалына арачы катары аларга жөлөк пул берүү каралган. Бирок жетишсиз турмушта жашаган 800 миң баланын ичинен алардын төрттөн бири гана жөлөк пул алышат. Иш-чаранын уюштуруучуларынын баамында Кыргызстандагы мындай абалды жакшыртуу максаты өлкөнүн бюджети бекилип жатканда көңүл чордонунда болушу керек.

“Биз бюджетти бөлүштүрүп жатканда аялдар ушул маселени көтөрсөк, эркектер анча түшүнбөйт. Балдарга жөлөк пул төлөөнү алар чыгаша катары карашат. Эгер биз азыр балдарга акча салсак, алар 10-15 жылдан кийин өлкөгө акча салат”,- дейт Жогорку Кеңештин депутаты Аида Касымалиева. 

Новости по дате