http://www.ktrk.kg/С.Жээнбеков Сузак районунун жашоочулары менен жолугушту

С.Жээнбеков Сузак районунун жашоочулары менен жолугушту

21 Фев , 14:38 1302

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"2018 -жылы экономиканы каржылоо иши жакшырды. РСК Банк, Айыл Банк жана Орус-Кыргыз өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 миллиард сомдон ашык насыя берилди. Муну Президент Сооронбай Жээнбеков Жалал-Абад облусунун Сузак районунун жашоочулары менен жолугушканда билдирди. 

Мамлекет башчы Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду аймактарда өзүнүн өкүлчүлүгүн ача баштады, мурункудай эшигин жаап алып, эми “элитный” Фонд болбойт. Бул региондор үчүн иштей турган Фонд болот”, - деди.

Муну менен катар Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп турганда Кепилдик фондун түзгөнбүз. 

Эмне үчүн региондор өнүкпөй келген? Анткени насыялар келбей, бюджеттик насыялык саясат аларга жетпей келген. 

Ишкерлерде насыя алыш үчүн күрөөгө коё турган мүлкү жок. Мына эми бул маселеге көңүл бурулуп, Мамлекеттик кепилдик фонду аларга көмөк көрсөтүүдө, Фонд тарабынан берилген каражат 3 эсеге көбөйүп, 755 миллион сомго 656 долбоорго кепилдик берилди. Кепилдик фонд менен өнөктөш банктар аймактарда насыяларды берүүнү эки эсе көбөйтүп, жалпы суммасы 3 миллиард сомго жакын кредит беришти. Бул дагы көбөйөт, регионго, айрыкча кайра иштетүү продукциясына каражаттарды бурабыз”, - деп белгиледи. 

Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүүнүн финансылык негиздери чыңдалды, региондорду өнүктүрүү үчүн республикалык бюджетте өзүнчө берене менен 2 миллиард сом каралды. Бул каражаттар биринчи кезекте экспортко чыккан багыттарды колдоого жумшалат, максаттуу кетет. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү ордуңарда отура бербей, кыймылдагыла, каражаттарды тартканды үйрөнгүлө, бизнести өнүктүргүлө, ага жардам бергиле, кысымга албагыла, - деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков.




Новости по дате