http://www.ktrk.kg/Өлгөн малдын жыты, өрөөндү каптады

Өлгөн малдын жыты, өрөөндү каптады

24 Май , 22:39 396

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын облусунун Ат-Башы районунда таштанды төгүүчү жай белгисиз оорудан өлгөн түрдүү малдын тарпы жатат. Мындай абалга тынчсызданган жергиликтүү тургун "Ала-Тоо 24" каналынын "Элдик репортер" долбооруна кайрылып, жеринен тартылган видео жөнөткөн. Негизи эреже боюнча мал көмүлүүчү жайдын абалы кандай болушу керек, тургундарды санаага салган жагдайга кайсы аткаминер чара көрбөй жатат? 

Ат-Башы районунун Кара-Суу айылындагы таштанды төгүүчү жайы, кайсы мезгил болбосун ушундай абалда. Андагы тургун жөнөткөн видеого көз чаптырсак, бул жайда күнүмдүк тиричиликтен чыккан таштандыдан сырткары малдын өлүктөрүн дагы көрсө болот. Курттап кеткен мал-жандыктарын ит-мышык тытмалап жеп жатканын айткан жергиликтүү тургун анан кантип оорулар жукпасын деп ачууланган.

Өкмөт тарабынан бекитилген токтомдун негизинде Алатоо 24 каналы дагы жергиликтүү бийлик- тагыраак айтканда Ат-Башы районунун акими бул боюнча кандай иш алып барып жаткандыгын тактоо максатында телефон аркылуу байланыштык.

Өз милдетин так аткарбагындыгы аз келгенсип телефон аркылуу сүйлөшүүнүн этикасын билбеген район жетекчилиги, бул ишке жергиликтүү тургундарча дагы кабатыр болгон эмес экен. Муну бизге өлгөн малды көмүүнүн эрежеси тууралуу маалымат берген ветеринардык инспекциянын өкүлдөрү тастыкташты.

Ылаңдаган мал же алардын өлүктөрү ачык жерде жатканы өзү эң коркунучтуу. Санэпид көзөмөл борборунан билдиришкендей, өзгөчө жай мезгилинде ичеги-карын оорулары күч алат. Анын бардыгы дал ушундай таза эмес жайларга учуп-конгон чымын-чиркейлер аркылуу жугат.

Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынан кабарлашкандай, мал киндиктүү Ат-Башынын көпчүлүк айыл аймактарында өлгөн малды көмө турчу чуңкурлар жок. Айыл тургундары болсо, аларды куруу жергиликтүү бийликтин ишиби же, ветеринарлардынбы, тиешелүү тараптар териштирүү жүргүзөт деп үмүт артууда.





Новости по дате