http://www.ktrk.kg/Жаңы полигон качан ишке кирет жана эскиси эмне болот?

Жаңы полигон качан ишке кирет жана эскиси эмне болот?

24 Май , 23:04 646

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Көп жылдан бери ишке ашпай келген таштанды полигонунун курулуш иштери башталды. Анын түптөлүшүнө Бишкек мэриясы менен долбоорду колдоого алган Европа тараптын өкүлдөрү катышып, капсула салышты. Ушул эле күнү борбор калаанын экологиясын жакшыртуу максатында меморандумга дагы кол коюлду. Эскерте кетсек, Бишкектен чыккан таштанды маселесине чекит коюлат деп айтылганына карабай, бир нече жылдан бери орундалбай келген. 

Шаар бийлиги менен Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкы ортосунда “Жашыл шаар” долбоорун ишке ашыруу үчүн меморандум түзүлдү. Меморандумдун максаты - экологиялык көйгөйлөрдүн негизги багыттарын белгилөө жана баалоо, аларды чечүү жолдорун иштеп чыгып, инвестицияларды туруктуу инфраструктурага салуу.

Чубактын кунундай созулган таштанды маселеси оң баштанды. Бишкек мэри менен каражат бөлгөн тарап курулушка капсула салып, аны жетишкендик катары баалашты.

Бишкектин жаңы таштанды полигону Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын жана Европа Биримдигинин каражатына курулууда. 2013-жылы алар жаңы полигон үчүн 11 млн евро грант жана 11 млн евро насыя бөлүп беришкен. Ал каражатка жаңы таштанды полигонунан сырткары, таштанды ылгоо үчүн завод курулмакчы.

Дөбө болуп үйүлгөн таштандыдан чыккан жаман жыт, айланасындагы конуштарды каптайт. Негизи эле таштанды көйгөйү шаар бийлигинин баш оорусуна айланган. Иш-чарага катышканы келген конуш тургундары полигондун курулушуна кубанганын жашырган жок.

Үйүлгөн таштандыны үстүнө күнүнө 600 тоннага чейин таштанды кошулуп турат. Бир нече гектарды ээлеген акыр-чикирдин бийиктиги 10 метрден ашкан.

Топтолгон таштандылар тегизделип, газ чыгуучу түтүктөр коюлуп, топурак үстүнө чөп өстүрүлөт. Азыр дыйканчылык институту жашылдандыруу ыкмаларын текшерүүнүн үстүндө. 30 гектар жерди ээлеген жаңы полигон 2020-жылы ишке кирет. Курулуш иштерин тендерден утуп чыккан эстониялык компания колго алган. 




Новости по дате