http://www.ktrk.kg/Эл аралык Эне тил күнү белгиленди

Эл аралык Эне тил күнү белгиленди

21 Фев , 14:25 3493

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ар бир элди эл кылып сактап турган анын эне тили. Өзүнүн тили менен катар ар бир улуттун каада-салты, баалууктары бар. Кан-жаныбыз менен кошо бүткөн эне тилди билүү ар бир атуулдун ыйык парзы. Өз тилиң менен кошо башка тилдерди да өздөштүрүү эн сонун дейт,- кыргыз тилин үйрөнүүгө кызыккан армян улутунун жараны Арсен Манукян.

Орус улутундагы Илья Лысак да кыргыз тилин өтө баалап кадырлаарын айтат. Алгач башталгыч класста окуп жатканда кыргыз тилин үйрөнө албай кыйналып, начар бааларды алган күндөрү да болгон. Атайын курска барып тилге өзгөчө басым жасагандан бери жылыштар болуп кыргыз тилинде жакшыраак сүйлөп калганын айтып, эми бой жеткенде өмүрлүк жарымды да кыргыз кыздарынын арасынан тандап алсам деген кыялын билдирди.

Бишкектеги Кыргыз экономикалык университетинин 1-курсунун студенти Канзада Абдыкадыр кызы көп тилдерди үйрөнүп, аларды өздөштүрүү менен өз тилиңди ыйык тутуп,аны өнүктүрүүнү башкы орунга коюу керектигин айтып курдаштарына кеңеш берет.

Айрым өлкөнүн мамлекеттик тили бар. Биз дагы алардан кем калышпай өз тилибизди мамлекеттик деңгээлде өнүктүрүүгө тийишпиз. Ал үчүн ар бир атуул эне тилин кадырлап сүйүүгө тийиш. Анткени эне тил болбой, эл болбоорун айтат кыргыз тили мугалими.

Чынында эле, эне тилиңди билбей, сүйлөй албагандан өткөн уят иш жок. Аны азыр жаштар эле эмес, мамлекеттик кызматтагылар да жакшы түшүнөт.

Маданияттын биринчи баскычы эне тилинде жакшы сүйлөө жана туура жазуудан башталат. Эне тил өнүккөндө гана адамдын ой чабыты өнүгүп кеңейээрин айтат улуттук китепкананын кызматкери.

Кыргыз тили - эзелтен бери кыргыз элинин дүйнө таануу, тиричилик, рухий-жаратмандык тажрыйбасын камтыган баа жеткис бай тил. Улуттун улут экенин аныктаган паспорту бул - тил, деп кыргыздын белгилүү акыны Эсенгул Ибраев таамай жазган.


Новости по дате