http://www.ktrk.kg/Өлкөнүн экономикалык өсүүсүнүн жаңы үлгүсүн түзүү максатында тегерек стол өттү

Өлкөнүн экономикалык өсүүсүнүн жаңы үлгүсүн түзүү максатында тегерек стол өттү

21 Фев , 14:33 423

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

"Креативдүү Борбордук Азия. Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн жаңы модель" аталышындагы тегерек стол уюштурулуп, өлкөдө жаңыча өнөр жайын жана ишкерликти өнүктүрүү, ошондой эле 2028-2040-жылдарга Улуттук өнүгүү стратегиясынын алкагында республиканын экономикалык өсүүсүнүн жаңы үлгүсүн түзүү маселелери талкууланды.

Чыгармачыл, идеяларга бай, маданияттын жана жаңы технологиялардын өкүлдөрү, ишкерлер, мыйзам чыгаруучулар бир аянтта. Талкууга - креативдүү экономиканы Кыргызстанда жайылтуу маселеси коюлду. Чыгармачыл экономика алдыга идеяларды коёт жана анын фундаменти жаңы технологиялар, талант жана толеранттуулук болуп эсептелет.

Жаңыча өнөр жайы дүйнөлүк ички дүң өнүмдүн 3 пайызын түзөт. Азыркы убакта Түштүк Кореяда кенен өнүгүп, ИДПнын 10% камсыздоодо. Кыргызстанда 6,5 пайызды көрсөтүүдө. Адистердин айтуусунда, өкмөт креативдүү экономиканын жайылышына шарт түзүп, маданий баалуулуктар менен пайда табууга аракет көрүшү шарт.

Креативдүү экономика - дүйнөдөгү тездик менен өсүүчү өндүрүш, ал акыркы он жылда 6 млрд доллардан ашык товар жүгүртүү менен эки эсе өскөн. Борбор Азия Орто Азиянын акылмандары - Авиценна, Бируни, Фараби, Хорезм, Баласагын, Навоинин мурастарын кайра жандантуу менен экономикада глобалдуу идеялардын бирине айланта алат - деп ишенишет жаңыча экономика долбоорунун демилгечилери.

Новости по дате