http://www.ktrk.kg/Айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн Казакстанга экспорттоого чектөө киргизилди

Айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүн Казакстанга экспорттоого чектөө киргизилди

21 Фев , 14:54 2727

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Айыл чарба азыктарынын айрым түрлөрүнө карата чектөө киргизилгендиги боюнча Казакстандын Айыл чарба министрлигинен расмий билдирүү келди. Бул тууралуу Өсүмдүктөрдүн карантини департаментинен билдиришти. Бирок тиешелүү мекеме коңшу өлкө коюп жаткан дооматтарга макул эмес, департамент эми картөшкө, алма, анар жана курманын курт чыкты деген үлгүсүн алып текшерүү жүргүзмөкчү.

Коңшу Казакстан Кыргызстандын картөшкөсүнө, алма, курма жана анарды киргизүүгө чектөө киргизгени тууралуу 20-февралда белгилүү болду. Коңшу өлкөнүн Айыл чарба министрлиги жер жемиштерде нематода жана комстока курттары табылды деген жүйөнү карманган. Бирок, бул боюнча тиешелүү далилдерди же текшерүүлөрдүн жыйынтыгын Кыргызстанга жөнөткөн эмес. Өсүмдүктөр карантини департаменти чектөө боюнча билдирүү да Казакстандан кечигип келгенин билдирүүдө.

Ошондой эле Казакстан чектөөнү Өзбекстандан кире турган жер жемиштердин түрүнө да салган. Өсүмдүктүн карантини департаментинин директору нематода жана комстока курттары бир эле Кыргызстанда эмес, КМШнын бардык мамлекеттеринде өндүрүлгөн жашылча жемиштерде бар экенин айтат. Былтыр бул боюнча атайын иликтөө да жарыяланган. Айырмасы анын көлөмүндө гана.
Казакстан тарап 2018-жылы жана быйылкы январь-февраль айларында бирдиктүү карантин боюнча фитосанитардык талаптарды бузуунун 465 фактысы катталганын, анын ичинен 59 жолу курттаган продукция киргизилген деп маалымат таратты. Экономика министри Олег Панкратов, айыл чарба азыктары боюнча расмий Астана буга чейин эскертүү берип келгенин, ошол эле учурда кыргыз өкмөтү коңшу мамлекетке тиешелүү документи жок жана сапатсыз продукциялардын кирбөөсү үчүн чек арада атайын фитосанитардык көзөмөлдөрдү орнотуп, чара көрүп жаткан болчу деп билдирди.

Бирок, ага карабастан 24-январда Казакстандын фитосанитардык кызматы биздин өкүлдөрдү чакырып, мыйзам бузуулар болуп жатканын айткан. Эки тарап көйгөйдү жоюу боюнча бир айдын ичинде өз ара иш аракеттер планын иштеп чыгууну да макулдашкан. Биз Казакстандан маалымат алгандан тарта эле жетекчиликти кабардар кылып, премьердин тапшырмасы менен убактылуу фито санитардык посттторду коюу чечимин кабыл алганбыз. Ушундай жумуштар жасалган, бирок кечээ маалымат каражаттарынан чектөө киргизилгенин уктук.
Бул арада парламент депутаттары маселени башка жолдор мене да чечүүгө аракет жасаш керек деген пикирлерин билдиришти. Быйыл картөшкөнүн баасы ансыз да арзан болуп жатканда, бул көйгөй дыйкандар үчүн кошумча түйшүк болору белгилүү. Бизде кардарлар бар, ошолорго сатыш керек. алар армиядан тартып, бала бакчага чейин.

Бул арада биздин расмий органдар коңшу өлкөдөн курт табылды деген жашылча жемиштердин үлгүлөрүн талап кылып, аларга текшерүү жүргүзүлмөкчү. Айыл чарба министрлиги жакын арада Астанага сүйлөшүү үчүн атайын делегация жөнөткөнү жатат. Белгилей кетсек, былтыр Кыргызстанда 1млн 600 миң тоннага жакын картөшкө өндүрүлгөн. Анын басымдуу бөлүгү ички базарда сатылып, ал эми калган бөлүгү Евразия экономикалык биримдигине кирген өлкөлөргө экспортко кетет. 



Новости по дате