http://www.ktrk.kg/Кыргызстан акырындык менен органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүүсү керек

Кыргызстан акырындык менен органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүүсү керек

22 Фев , 22:50 3276

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан акырындык менен органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүгө өтүүсү керек. Бул үчүн өкмөт комплекстүү чараларды көрүшү зарыл. Айыл чарбанын абалы, өнүктүрүүнүн көйгөйлөрү, тобокелдиктери жана органикалык айыл чарба өндүрүшүнө этап менен өтүүнүн мүмкүнчүлүктөрү парламентте уюштурулган конференцияда талкууланды. 



Нурлан Кадыркуловдун ишканасы 4 жылдык илимий изилдөөлөр, сыноолордон кийин органикалык жер семирткичтерди чыгарып баштады. Айтуусунда, ал малдын жана тооктун кыгы жана чөп-чарлардын кошулмасынан жасалат. Химиялык заттарсыз жасалган биологиялык жер семирткич жердин, эгиндин сапатына кепилдик - дейт ишкер.

Ааламда адам санынын көбөйүүсү органикалык азыктарга болгон суроо-талапты күчөттү. Дүйнөдө органикалык продукцияларды сатуу акыркы жыйырма жылда дээрлик алты эсеге өскөн. Бүгүнкү күндө сооданын көлөмү 130 млрд долларга жетип, жылдык өсүү 15 пайыздан ашаары божомолдонууда. Өндүрүшү көп эмес, абасы таза, айыл чарбасына ылайыкташкан Кыргызстан бул тенденциядан артта калбай, өз мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланып калышы шарт.

Өлкөдө органикалык өсүмдүктөрдү өстүрүүнү өнүктүрүү үчүн эки багытта иш алып барылууда. Алар дыйкандардын билим деңгээлин жогорулатуу жана укуктук ченемдик базаны жакшыртуу.



Новости по дате