http://www.ktrk.kg/Эркинбек Мамыров: "25 мыйзамдын ченемдери Баш мыйзамга каршы келет"

Эркинбек Мамыров: "25 мыйзамдын ченемдери Баш мыйзамга каршы келет"

22 Фев , 23:29 1680

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

25 мыйзамдын ченемдери баш мыйзамга каршы келет деп табылган. Бул тууралуу Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров билдирди. Ал муну Конституциялык палата түзүлгөндөн берки кабыл алынган чечимдер экенин белгиледи. Маалымат жыйында мындан сырткары экс-президенттердин кол тийбестиги тууралуу да сөз болуп, Жогорку Кеңеште айтылган сынга жооп кайтарылды.


Конституциялык сот 2010-жылы Жогорку Соттун карамагындагы палатага айланган. Судьялары болсо 3 жылдан кийин гана бекиген. Андан бери жарандардын кайрылуулары боюнча 88 мыйзам каралып, алардын жыйырма бешиндеги ченемдер конституцияга каршы келет деп табылган.

Соңку учурда экс-президенттердин кол тийбестигине байланыштуу талаш жаралууда. Конституциялык палата “Президенттин имшердигинин кепилдиги” тууралуу мыйзамдын мурдагы мамлекет башчыларын жазага тартуудан коргой турган 12-беренесин конституцияга каршы келет деп тапкан. Бирок экс-президенттин кол тийбестигин алып салуу президентке ишенбестик көрсөтүү процедурасынан жеңил болбош керек деген жүйөөнү карманып, парламент менен өкмөткө мыйзамды оңдоону сунуштаган. Депутат Исхак Масалиев Конституциялык палатанын мындай чечимин ыйгарым укуктарынан аша чабуу деп мүнөздөгөн. Ал сөз болуп жаткан мыйзамды өзгөртүү боюнча иш алып барган.


Бирок сот органы бул билдирүүлөргө макул эмес. Конституциялык палата тууралуу мыйзамга киргизилген соңку өзгөртүүлөргө ылайык парламентке да, өкмөткө да жогорудагыдай тапшырма берилээри буга чейин белгиленген. Эл өкүлүнүн билдирүүсүнө дагы бир жолу жооп айтылды.




Новости по дате