http://www.ktrk.kg/Сары-Талаа айылындагы өкмөттүн жерин басып алган ким?

Сары-Талаа айылындагы өкмөттүн жерин басып алган ким?

27 Май , 15:11 205

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Видеодо көрүп тургандай, бул Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылындагы Ала-Бука-Сай деген токой. Бул токой убагында өкмөтүн жери болгон. 4-5 жылдай болуп калыптыр, азыр бул жер башка адамга тиешелүү.

Жирновский деген киши каймана аты, жалгыз башкарып отурат. Мурун ал Токтогулда аким болуп иштеген. Эки жагын тосуп алган. Кокус малдарыбыз кирип кетсе, ызычуу салып, бизге эле кыйын болуп жатат. Мурун милиция кызматкерлерине таандык жер болчу, алар келип эс алып кетишчүү.  Буга эч ким каршы чыга албайбы өйдө жактан билбейбиз. Ушуга бир чара көрүп, көзөмөлдөп берсеңиздер жакшы болот эле, - деген айыл тургуну Кайратбек.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате